Электрондук дарек
ulakholvap@rambler.ru
Телефон
0 705 055 650

Жаан чачындын кесепетинен Кара-Талаа жана Туура-Суу айылдарын байланыштырган авто унаа жүрүүчү жол жабылган

26.06.2024, 11:18
256

Улахол айыл аймагына караштуу алыскы Туура-Суу айылы менен Кара-Талаа айылдарын байланыштырып турган авто унаа жолун 23.06.2024-жылы жааган жаандын кесепетинен улам. Капчыгайдагы тоодон кум-шагыл агып түшуп авто жолду толук бууп калгандыгына байланыштуу, ДЭП - 10 ишканасынын атайын техникалары жана Улахол айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте ишкана адистери келип чыккан абалды турукташтырууга болгон күч аракеттер жумшалып. Авто унаа жолун ишке толук калыбна келтирилип ишке берилди. Капсыгай ичиндеги суунун көлөмү абдан жогору болгондуктан калктуу конуштарды каптап кетүү коркунучунан сактоо жана кырсыктардын алдын алуу үчүн айыл чарба багытында жайыт жерлерине, үлүш жерлерге суунун басымын азайтуу иштери абдан уюшкандыкта жүргүзулдү. Кырсыктан жабыркагандар жок.